ИИМ Атамбаев күч менен кармалат деген маалымат боюнча үн катты

ИИМ Атамбаев күч менен кармалат деген маалымат боюнча үн катты

Ички иштер министрлиги “Атамбаев түштөн кийин күч менен кармалышы мүмкүн деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Министрликтен билдиргендей, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева тараткан маалымат эч кандай чындыкка дал келбейт.

“Биз эч кандай кармоо операциясына даярдык көргөн жокпуз. Бул тууралуу маалыматыбыз да жок. Атамбаевдин тегерегиндеги бардык маселелер Тергөө кызматынын аны суракка чакыруусуна байланышы жок”, — деп жазган.

Кошумчалай кетсек, кечээ Алмазбек Атамбаевди Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы үчүнүч жолу суракка чакырды. Ал 27-июнда Жогорку Кеңештин 103 депутаттынын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыратылган. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>