ИИМ: «Азаттыктын» айланасындагы иштер акыйкат иликтенет

ИИМ: «Азаттыктын» айланасындагы иштер акыйкат иликтенет

“Азаттыктын” кызматкерлерине байланыштуу катталган иш кылдат иликтенет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

“Иш толугу менен көзөмөлдө тургандыгын белгилейбиз. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу айрым жагдайларды ачыктай албайбыз”, — деп жазылат маалыматта.

28-сентябрда «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов Ош шаарында илктөөгө карата видео тартып жүргөн учурунда анын колундагы техникасын, документтерин белгисиз 4 адам тартып алган.
Кийин алар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аадмдары экени аныталган.

Бул факты боюнча  Ош шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле милицияга экинчи тараптан да арыз түшкөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>