ИИМ: Баш аламандык уюштурууга аракет кылгандарды кармоо аракети жүрүүдө

ИИМ: Баш аламандык уюштурууга аракет кылгандарды кармоо аракети жүрүүдө

Бишкекте баш аламандыкты уюштурууга аракет кылган уюштуруучуларды тактоо жана кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Милиция кызматкерлери түнкү маалда коомдук тартиптипти бузуп, жолду жаап, бейбаштык кылып, Бишкек шаарында коомдук-саясий абалды турукташсыздырууга аракет кылышкан Атамбаевдин агрессивдүү маанайдагы тарапташтарын кууп таратышты. Азыркы тапта шаардагы абал милиция кызматкерлеринин толук көзөмөлүндө”, — деп жазылат билдирүүдө.

8-август күнү кечке маал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган соң, анын тарапташтары Ала-Тоо аянтына чогулган. Милиция аларды таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>