ИИМ: Добуш берүүдө үч мыйзам бузуу орун алды

ИИМ: Добуш берүүдө үч мыйзам бузуу орун алды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо процессинин жүрүшүндө 3 мыйзам бузуу катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди.

Анын айтуусуна караганда анын экөө Жалал-Абад облусунда катталса, бирөө Бишкек шаарында катталган.   

“Жалпы 3 факты катталды. Алардын бирөө борбор калаада, экөө Жалал-Абад облусунда. Бул добуш сатуу жана шайлоо процессине тоскоолдук кылуу фактылары. Учурда бул иштер иликтенип жатат”, — деди Макилов. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>