ИИМ: «Головной» аймагында массалык адам өлтүрүү болгон

ИИМ: «Головной» аймагында массалык адам өлтүрүү болгон

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын аймактык бөлүмдөрү чек ара аймагында болгон окуялар боюнча кылмыш иштерин иликтей башташты, коңшу тараптын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында көптөгөн зыян келтирилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 2-майына карата кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кагылышуу учурунда жасалган кылмыш фактылары боюнча 11 материал Ички иштер органдары тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Анын ичинен 8 кылмыш иши Баткен РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, 3 кылмыш иши Лейлек РИИБ тарабынан каралып жатат.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдар: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинде (Массалык башаламандык), 380-беренесинде ( Тынчтыкка каршы кылмыш), 210-беренесинде (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же талкалоо), 266-беренесинде (Бейбаштык), 358-беренесинде ( Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү), 130-беренесинде (Киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери, анын ичинде куралдан атуунун кесепетинен Лейлек районундагы он эки жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Головной тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургундардын массалык түрдө өлтүрүлүшү (саны такталып жатат), жолдордогу унааларды аткылоо, анын ичинде дагы элдердин арасында курман болгондор катталган.

Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду.

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>