ИИМ: Курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн адам кармалды – сүрөт

ИИМ: Курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн адам кармалды – сүрөт

Курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ок атуучу сайлуу курал жана беш даана 7,62 калибрлүү окторду сатууга аракет кылган адам кармалган. Анын аты-жөнү такталып, шектүү Таш-Көмүр шаарынын М.Н. аттуу 27 жаштагы тургуну экени аныкталган.
Аталган факт Жазык Кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып,иш козголгон. 

[su_image_carousel source=»media: 54497,54498,54499″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>