ИИМ: Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары эч ким менен урушкан эмес

ИИМ: Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары эч ким менен урушкан эмес

Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) жетекчисинин орун басары эч ким менен урушкан эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Репортёрго” билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февралга караган түнү рейддик иш-чаранын алкагында түнкү саат 00:05те Москва/Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде MVD218B номуру менен кызматтык «Лада-Приора» унаасы токтотулган. Аны Ленин РИИБдин улук оперативдүү кызматкери, милициянын майору Т.М. ичимдик ичип алып башкарып бара жатканы аныкталган. Анын жанындагы жүргүнүнүн ордунда Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары Ө.Т. отурган.

Аталган факт боюнча тийиштүү протоколдор толтурулуп, унаа айып короосуна токтотулган.

“Милиция кызматкери мушташкан эмес. Ошондой эле Ленин РИИБдин жетекчисинин орун басары Ө.Т. кызматтык унааны мас абалында башкарды деген маалымат чындыкка дал келбейт”, — деди басма сөз кызматынан.

Учурда ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>