ИИМ: Мончодо баланы зордуктаган киши жакын арада кармалат

ИИМ: Мончодо баланы зордуктаган киши жакын арада кармалат

Кыргызстанда милиция мончодогу зордуктоо фактысын териштире баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24-январда билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу «Баланы зордуктаган шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер органдарына шектүүнү кармоо үчүн багыттамалар берилди. Ички иштер министрлиги ал жакын арада кармалат деп ишенимдүү түрдө билдирет» деп маалымдады.

Окуянын күбөлөр чөнтөк телефонго тартып алган видеосу бул күндөрү социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>