ИИМ мончодо зордукталган баланын чоо-жайын аныктады

ИИМ мончодо зордукталган баланын чоо-жайын аныктады

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мончодо баланын зордуктаган кишинин видеосунун чоо-жайын аныктады.

ИИМ тарабынан бул фактыны аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

«Иликтөөнүн жыйынтыгын күтпөстөн, социалдык тармактарда чагымчылдык кылып, бул видеого тиешеси жок адамдардын сүрөтүн көргөзгөн жарандар болгон. Бул жигит тууралуу ар кандай сүрөттөр жана аудио маалыматтар социалдык тармактар ​​аркылуу таркатылган, алдын ала жыйынтык чыгарбаңыз.

Бул видео боюнча маалыматты тактап бергибиз келет. Биринчиден, видеодогу окуя Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте болгон. Экинчиден, видео бир-эки жыл мурун тартылып, күнөөкөр ушул факты үчүн жоопко тартылганы аныкталды. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка өлкөгө расмий суроо-талап жөнөттү. Бул видео боюнча расмий жооп келгенден кийин, ал кайда, ким болгон жана кандай чечимдер кабыл алынгандыгын маалымдайбыз», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-январда интернет желесине мончодо баланы зордуктап жаткан кишинин видеосу тараган. Бул окуя Кыргызстанда болгону айтылган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>