ИИМ: Улан Саляновдун өлүмүндө саясий өңүт болушу мүмкүн

ИИМ: Улан Саляновдун өлүмүндө саясий өңүт болушу мүмкүн

2017-жылдын 6-ноябрында Көк-Жар айылындагы өз үйүндө киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмүндө саясий өңүт болушу мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Саляновду өлтүрүүгө негизги шектүү катары кармалган 36 жаштагы Асанэмир Абыкулов ушул жылдын май айында Орусиядан Бишкек шаарына алынып келинген. Ал мурда да оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

2017-жылдын ноябрь айында аталган кылмыш ишке шектелген 33 жаштагы Чүй облусунун тургуна кармалган эле. Ал эми үнчү шектүү Заур Насруллаев 2018-жылы Екатеринбург шаарынан кармалган.

ИИМден билдиргендей, учурда Улан Саляновду өлтүрүү тууралуу кылмыш иши боюнча бардык шектүүлөр кармалган

Улан Салянов мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси. Учурда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кармалып, августь айына чейин камакка алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>