ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн колго түшүрдү

ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн колго түшүрдү

Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган 24 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну Э.Э. алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көл РИИБине 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн Замир деп тааныштырган белгисиз адам Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаасын ага саткан. Кийинчерээк аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырлануучуга материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда кылмышка шектүү Э.Э райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин камакка алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>