ИИМдин Академиясынын 50 жылдыгы белгиленди

ИИМдин Академиясынын 50 жылдыгы белгиленди

Миилциянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясына 50 жыл толду. Буга арналган салтанаттуу иш-чара аталган окуу жайда белгиленип, Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун катышуусунда өттү.

Иш-чарага чакырылган коноктор окуу жайдын тарыхы, жетишкендиктери  жана окутуучулук курам менен таанышышкан. Андан соң атайын уюштурулган конференция өткөн.

Тарых барактарындагы маалыматтарга ылайык, 1969-жылы милициянын Фрунзедеги атайын орто мектеби түзүлүп, октябрь айынан баштап окууга кабыл ала баштаган.

1991-жылдын 19-июлунда ИИМдин  Бишкектеги жогорку окуу жайы деп өзгөргөн.

Ал эми Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясы деген аталыш 2000-жылдын 15-январында ыйгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>