ИИМдин делегациясы Өзбекстанга иш сапар менен барды

ИИМдин делегациясы Өзбекстанга иш сапар менен барды

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация 20-апрелде Өзбекстанга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Ички иштер министрлигинин жетекчилиги өзбекстандык кесиптештери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки министрликтин кызматташтык маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн кесиптик тажрыйба алмашуу, кызматкерлердин деңгээлин өнүктүрүү жана башка маселелерин талкуулаган.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Кыргызстандан барган кесиптештерине  ички иштер органдарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалоонун жүрүшү, тутумга маалыматтык технологияларды киргизүүнүн оң натыйжалары, кылмыштуулуктун санын азайтуу жана болтурбоо жөнүндө айтып беришкен.

Андан сырткары, ИИМдин делегациясы Ташкент шаарынын жана Самарканд облусунун укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышууну пландап жатканы айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>