Атамбаевдин үйүнө барган ИИМдин жетекчилери менен Жолдубаева жолукту

Атамбаевдин үйүнө барган ИИМдин жетекчилери менен Жолдубаева жолукту

Ички иштер министрлигинин жетекчилери Алмазбек Атамбаевдин суракка барбагындыгын билүү үчүн Кой-Таштагы мурдагы президенттин үйүнө барды. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

“Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жана Тергөө кызматынын башчысы келишти. Аларга жолуксам менден Атамбаевдин 3 жолу эмне себептен суракка барбай жатканын сурашты. Мен аларга юрист Сергей Слесарев белгилегендей, суракка чакыруу мыйзамсыз болгонун эскерттим. Мындан сырткары Жогорку Кеңеш 27-майда кабыл алган кол тийбестик боюнча чечимдин мыйзамсыз экени тууралуу Конституциялык палатага  кайрылганыбзды билдирдим. Алар биздин позицияны угуп алып эч кандай чакыруу бербей эле кетишти”, — деди Жолдубаева.

Белгилей кетсек, ИИМдин тергөө кызматы мурдагы президент Атамбаевди 3 жолу суракка чакырган. Мурдагы президент өзүн суракка чакыруу мыйзамсыз экенин белгилеп, бир дагы жолу суракка барган эмес.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди 103 депутаттын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>