Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланды

Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылып, үй мүлкү конфискацияланды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылып, үй мүлкү мамлекеттин карамагына чегерилди. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту кабыл алды.

Ал эми Илмияновдун адвокаты соттун чечимине макул эмес экенин айтып, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

Эскерте кетсек, “Шоопур” деген каймана ат менен таанылган Атамбаевдин учурундагы Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келинип, УКМКнын тергөө абагында киргизилген.

Башкы прокуратура ага 150 миң долларды алдамчылык менен алган деп “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен иш козгогон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>