Илим Карыпбеков: КТРКны жаап салуу керек

Илим Карыпбеков: КТРКны жаап салуу керек

Коомдук телерадио корпорациясынын мурдагы директору Илим Карыпбеков КТРКны жаап салуу керек деди. Бул тууралуу ал Twitter баракчасына жазды.

Түшүндүрө кетсек, буга чейин мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотууга ниеттенип жататкандыгы тууралуу сөз болгон. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков  райондук жана облустук гезиттерди жоюуга каршылыгын билдирип келет.

Ал эми Илим Карыпбеков Момбековдун пикирин колдобой тургандыгын жазган.

“Мен Момбековдун тайманбастыгын жана айрым көз караштарын колдойм. Бирок ал райондук жана облустук гезиттер боюнча  туура эмес пикирде. Алар эчак эле эскирген, барын жаап салуу керек. Андан кийин мамлекеттик маалымат каражаттарын, КТРКны кошо жабуу керек. Мамлекеттин өзүнүн массалык маалымат каражаттары болбошу керек”, — деген ал.

14-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова депутат Дастан Бекешевдин суроолорунка жооп берип жатып, Өкмөт бюджеттик чыгымдарды кырскартуу максатында мамлекеттик ЖМКларды бир корпорацияга бириктирерин айткан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржылануучу 34 райондук, 12 облустук гезит жана 6 облустук телеканал бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>