Илим Карыпбеков Путин чокусуна чыгып, орус президентинин саатын сурады

Илим Карыпбеков Путин чокусуна чыгып, орус президентинин саатын сурады

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбеков Чүй облусунда жайгашкан Путин атындагы чокуга чыгып, Орусиянын президентине кайрылды.

Ал 1-сентябрда жаздырып алган видео кайрылуусун өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

[su_quote]Владимир Владимирович кутман күн.  Менин атым Илим. Мен Кыргызстананданмын. Азыр мен сиздин атыңыздан коюлган чокуда турам. Чоку деңиз деңгээлинен 4 4450 метр. Бүгүн, 1-сентябрь- билим күнүндө менден сизге төмөнкүдөй сунуш менен кайрылыгым келип турат. Келиңиз, мен мен сиздин атыңыздан бир мектепти компьютер менен жабдып, санариптештирип берейин.  Мектепти Орусиянын элчилиги тандасын.Сиз бул үчүн мага кол саатыңызды белекке бере аласызбы? Анткени, мен бул жакка чыккыча, саатымды сындырып алдым. Биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы достуктун чыңалышына тилектешмин. Мен Интернеттин күчүнө жана сиздин бул видеону көрүшүңүзгө чын дилимден ишенем.[/su_quote]

Илим Карыпбековдун кайрылуусунун алдына Фейсбук олдонуучуларынын басымдуу бөлүгү ар кандай терс пикирлерди жазышкан. Айрымдар ачык эле Коомдук каналдын мурдагы башчысын “кошоматчы”, “саткын” деп атаган.

Кыргыз Ала-Тоосундагы 4446 метр бийиктиктеги чоку “Владимир Путин атындагы чоку” 2011-жылы ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>