Илим Карыпбековдун тай энеси каза болду

Илим Карыпбековдун тай энеси каза болду

Коомдук каналдын мурдагы директору Илим Карыпбековдун тай энеси каза болду. Бул тууралуу Карыпбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. 

“Бүгүн тайенем биз менен 88 жашында коштошту. «Мен каза болгондо ыйлабагыла» — деп баарыбызга ыраазы болуп, коштошуп кетти. Сөөгү 3 октябрда Талас облусундагы Талас районунун Балбал айылында жерге берилет”, — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Илим Карыпбеков Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына тай энеси менен болгон ар кандай темадагы сүйлөшүүлөрдүн видеосун жарыялап келчүү. Жашы улгайып калганына карабай коомдук жана саясий көрүнүштөргө карата айткан өзгөчө пикирлери менен  тай эне социалдык тармактын колдонуучуларына тегиз таанылган эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>