Инаугурация. Коноктор Садыр Жапаровду күтүүдө — сүрөт, видео

Инаугурация. Коноктор Садыр Жапаровду күтүүдө  — сүрөт, видео

Бүгүн, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инагурациясы өтөт. Иш-чара Коомдук биринчи каналдан түз алып көрсөтүү саат 10:45те башталат.

Учурда ант берүү аземине карата даярдыктар көрүлүп, Бишкектин борбордук көчөлөрүндө тартип сакчылары күзөткө чыгышты.

Ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Иш-чарага Кыргызстандын экс-президенттери Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков баш болгон миңден ашуун конок чакырылган. Кортежден өтүүдө кесилиштердеги унаалардын кыймылы бир нече секундага токтой турганы маалым болду.

Белгилүү болгондой, коноктор буга чейин филармонияда болушкан. Садыр Жапаров саат 11: 00гө чейин келиши күтүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>