Исхак Масалиев унаасын сүзгөн жигитти кечирди — сүрөт

Исхак Масалиев унаасын сүзгөн жигитти кечирди — сүрөт

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиевдин автоунаасын белгисиз жигит келип сүзгөн. Бул тууралуу Масалиев өзү Фейсбуктагы баракчасына, жазып сүрөтүн киргизген.

Исхак Масалиевдин айтуусунда, Бишкектеги Жаш Гвардия бульвары менен ылдый түшүп бара жатканда «пассат» үлгүсүндөгү унаа келип, анын жолтандабасына урунган.

«Мен Жаш Гвардия бульвары менен ылдый карай түшүп бара жаткам. Экинчи тилкеде кетип бара жаткан унаа алдыма түшүүгө аракет кылып, менин унаама урунду. Ага жол эрежесин бузганын түшүндүрүп, мындан ары этият болуусу керектигин айтып, кечирдим», — деп жазган ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>