Ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө кимдер буйрук бергени айтылды

Ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө кимдер буйрук бергени айтылды

«Мадина» базарында иштеген ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүн мурдагы милиция кызматкери уюштурган. Бул тууралуу Ички иштер министри  Кашкар Жунушалиев Акипресс маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Министрдин айтымында ишкерди өлтүрүүгө мурдагы жол коопсуздук кызматкери шектелүүдө.

«Бул ишти уюштурууга шектелген мурдагы милиция кызматкери 2016-жылы опузалап талап кылуу боюнча Каржы полициясы тарабынан кармалгадан кийин жумуштан бошотулган.  Ишкерди өлтүрүүгө шектелген адам жол коопсуздук кызматында 2010-2014-жылдары иштеген. Бул иш боюнча жалпы 4 аткаруучу 3 катышуучу кармалган”, — деп билдерген Жунушуалиев.

ИИИмдин жетекчиси ошондой эле кылмышкерлер ишкерди тоноо үчүн аны өлтүрүшкөнүн баса белгилеген.

“Маркумду тоноо максатында анын артынан аңдышкан. Ишкер тууралуу «Мадина» базарынан кимдир бирөө маалымат берип турган. Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда ишкердин жанында 70 миң сом акча бар болгон”, — деген ал.

Министр кошумчалагандай кылмышкерлердин  ишкерди аңдып жүргөнү «Коопсуз шаардын» камераларынын жардамы менен аныкталган.

«Криминалдык милиция кызматкерлери жакшы жумуш иштеди. Алар ишкердин унаасын Таласка кетип бараткан жеринен Сасновка постунан кармашты. Эгер алар кармалбаса анда биз «изди» жоготуп алат элек», — деген министр.

Белгилей кетсек, 4-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан ишкер Хуфур Абдурахемандын жансыз денеси Нарындын Кочкор районунан табылган. Анын өлүмүнө шектелип 7 адам колго түшкөн. Бул окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда криминал баш көтөрүп жатканы тууралуу айтып чыккан.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>