Ишкерден 200 миң сом пара талап кылган салык кызматкери кармалды

Ишкерден 200 миң сом пара талап кылган салык кызматкери кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Атадагы башкармалыгынын сектор башчысы ишкерден пара талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ж.Н. аттуу жеке ишкер кайрылып, кызматкер андан 200 миң сом талап кылган. Ишкерге кызматкер жогоруда айтылган суммадагы акчаны берип, бизнесин тынч жүргүзө берүүсүн айтканы себеп болгон.

20-июль күнү финполдун кызматкерлери Кант шаарындагы ооруканалардын биринде жогоруда айтылган К.Н. аттуу кызматкерди 1800 доллар пара алып жактан жеринен кармаган.

Шектүү Бишкектеги №21 СИЗОго киргизилген.

Финансы полициясы ишкерлерге кайрылып, эгерде кимдир бирөө акча талап кылса, төмөнкү дарек боюнча кайрылууну эскертет:

Бишкек шаары, Манас проспектиси 101-1, (0312) 323 091, 323 707 нөөмөт бөлүмү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>