Ишкердин өлүмү боюнча Жанар Акаев: ИИМ криминал менен күрөшүүдө алсыз болуп калды

Ишкердин өлүмү боюнча Жанар Акаев: ИИМ криминал менен күрөшүүдө алсыз болуп калды

Бишкектеги «Мадина» кафесинин ээси ишкер Хуфур Абдурахемандын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү бүт бизнес тармагындагыларга чоң сокку болду. Мындай пикирин бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал учурда Кыргызстанда криминал кадимкидей баш көтөргөнүн айтты.

«Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчанын суммасы жарым жылда 247 миллион доллар каражат мамлекеттен чыгып кетти. Чоң компания эле эмес орто бизнес дагы акчасын Кыргызстандан алып чыгып кетүүдө. ИИМ криминал менен күрөшүүдө алсыздыгын көрсөтүп жатат. Чоң реформа жасоого акча керек дейли. Бирок криминалдарды кармап, четинен түрмөгө тыкканга да акча керекпи? Буга саясий эрк керек. Ишкерлер мындай реккордук суммадагы акчаны Кыргызстандан чыгарып кетүү 2005-жылы саясий ыңкылап да гана болгон. Президент чет мамлекетке барып инвесторлорду чакырып жүрөт, бирок өкмөт бизнести коргой албай калды», — деген нааразычылык пикирин билдирди Акаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>