Күзгү аскерге чакыруу сентябрь айында башталат

Күзгү аскерге чакыруу сентябрь айында башталат

Президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөттүү аскердик жана альтернативдүү кызматты өтөп бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу жана сентябрь-ноябрь айларында күзгү аскерге чакыруу туралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыкка ылайык, мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматты өтөп бүткөндөр аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат.

Ал эми чакырууну кийинкиге жылдырууга укуктары болбогон, 18 жашка толгон уландар мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Өкмөткө мөөнөттүү аскер кызматын жана альтернативдик кызматты өтөгөн жарандары бошотуу мөөнөтүн жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу тартибин аныктоо тапшырмасы берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>