Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл командасы Жалал-Абадды 9:2 эсеби менен жеңди

Көчмөндөр оюндары: Ысык-Көл командасы Жалал-Абадды 9:2 эсеби менен жеңди

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк-бөрү боюнча мелдештин экинчи күнүндө Ысык-Көл облусунун улакчылары менен Жалал-Абад облусунун командасы беттешти.

Бүйүр кызыткан оюн бир саатка созулуп, анын жыйынтыгы менен Ысык-Көл командасы Жалал-Абаддын улакчыларын 9:2 эсеби менен жеңип алды.

Беттеш учурунда алтынчы улакты Жалал-Абад командасынын оюнчусу Кудайберген Тукенов  өзүнүн тай казанына таштап алды.

Белгилей кетсек, Көк-бөрү оюнунун экинчи күнүнө  3 беттеш белгиленген. Эрте менен Талас командасы Нарын облусун  12:2 эсеби менен жеңип алган.

Алдыда Ош шаары менен  Баткен командаларынын беттеши болот.

Автор: Дилде Шатанова
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>