Көчмөндөр оюну: Ош менен Чүй көк бөрү боюнча баш байгени талашат (фото)

Көчмөндөр оюну: Ош менен Чүй көк бөрү боюнча баш байгени талашат (фото)

Ош облусунун көк бөрү боюнча курама командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Бишкек шаарынын командасын жеңип, финалдык таймашка жолдомо алганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Жалпысынан Оштуктар атаандаштарынын тай казанына 8 улак, салган. Анын бешөөнү Манас Ниязов таштаган. Ал эми Бишкектин командасынын куржунундагы 5 улактын төртөөнү Медет Апык уулу  салган.

Түшкө чейин Чүй облусунун көк бөрүчүлөрү Талас  командасын 5:2 эсеби менен жеңип, финалга өткөн.

Эми финалдык беттеште Ош  Чүй командалары баш байге үчүн ат салышат. Ал эми Талас облусу менен Бишкек шаарынын командалары коло байге үчүн күч сынашат. Оюндар 21-сентябрда, Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы стадиондо өтөт.

Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу, сүрөт: Максат Боромбаев
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>