Көчмөндөр оюну: Спорттук иш чараларды өткөрүүгө 6 миллион сом бөлүнгөн

Көчмөндөр оюну: Спорттук иш чараларды өткөрүүгө 6 миллион сом бөлүнгөн

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарындагы спорттук иш чараларды өткөрүү үчүн  мамлекеттен 6 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери дене-тарбия жана спорт агентигинин жетекчисинин орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Ал белгилегендей,  Көчмөндөр оюндарынын программасына ат чабыш, жорго салыш,көк-бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, салбуурун, ордо, тогуз коргоол ж.б. улуттук оюндар кирген.

 Бөлүнгөң акчанын 1 миллион 500 миң сому спорттук  байгелерине жумшалат.

Оюндардын байге фонду төмөндөгүчө:

Көк бөрүгө 500 миң сом;

Башка ат оюндарына 400 мин сом;

Салбуурунга 250 мин сом;

Башка оюндарга 100 мин сом бөлүнгөн.

Автор: Талантбек кызы Таалайгүл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>