Көл жээги тынч. Бостеридеги пансионаттан фоторепортаж

Көл жээги тынч. Бостеридеги пансионаттан фоторепортаж

Дүйнөнү каптап жаткан коронавирус илдети быйыл туристтик сезонго да терс таасирин тийгизди. Жылда бул учурда Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын саны арбып, жергиликтүү тургундардын капчыгын толтурууга чоң жардамы тийчү. 

Быйыл сезон солгун болуп, көлгө барып эс алгандардын саны өтө эле аз. Мисалга алсак, Бостери айылында жайгашкан «Алтын кум» (Золотые пески) пансионатында жай мезгилинде бут коёрго жер табылчу эмес. Анткени эс алуучулардын эң көбү дал ушул пансионатка келишчү.

Reporter.kg аталган пансионаттын азыркы көрүнүшү боюнча фоторепортаж сунуштайт.

Көл жээкте 100гө жетпеген эс алуучу жүрөт

Көлдүн үстү дагы тынч. Суу үстүндө жүрүүчү кайык, параходдор бирин-серин эле

[su_image_carousel source=»media: 36901,36902,36905,36897″ crop=»none» autoplay=»4″]

Көл жээгинде жата турчу койкалар бош турат

Тез тамактануучу жайлар жабык

Ачык асман алдындагы тамактануучу жайлардын азыркы абалы

Челектер таштандыга толгон. Жыйнаган эч ким жок

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту жуктурган бейтаптардын саны 37 миң 129. Анын 2 миң 873ү Ысык-Көл облусунан. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>