Кадамжайда баңгизат ташыган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — сүрөт

Кадамжайда баңгизат ташыган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — сүрөт

Ички иштер министрлигинин Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы ыкчам кызматкерлери Ооганстандан Кыргызстанга апийим жеткирүү жана сатуу үчүн туруктуу канал түзгөн кылмыштуу топтун ишин токтотушту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кадамжай районунда соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө баңгизаттар тобунун мүчөсү кармалган. Алардан сатууга даярдалган 2 кг 40 гр салмактагы апийим табылган.

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>