Кайра шайлоого 48,3 млн сом сарпталат

Кайра шайлоого 48,3 млн сом сарпталат

Шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого 48 миллион 344 миң сом сарпталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, сметада шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуу чыгымдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жабдуулар операторлору үчүн кызматтык иш сапар жана окутуу иш-чаралары, байланыш кызматтары, буюмдарды сатып алуу жана материалдар, жабдууларды жана материалдарды жеткирүү үчүн транспорттук чыгымдар, аймактык шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссияларына региондордун ичинде ташуу үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөр жана тескерисинче шайлоону өткөрүү үчүн керектүү шаймандар жана материалдар камтылган.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Токмак шаардык кеңештерин шайлоо 11-июлга белгиленген. Өткөн шайлоолордун жыйынтыктары аталган шаарлардагы ири мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>