Кайсы белгилүү саясатчылар шайлоого барбайт? Тизме

Кайсы белгилүү саясатчылар шайлоого барбайт? Тизме

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү башталды. Учурдагы көпчүлүк депутаттар, ошондой эле белгилүү саясатчылар дагы бир жолу өз күчүн сынап, депутаттык мандатты алууну чечишти. Бирок, шайлоого катышуудан баш тарткан белгилүү инсандар да бар.

Эльвира Сурабалдиева

Экс-депутат, мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева буга чейин социалдык тармакка башка аялдарга мандат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн шайлоого барбай турганын жазган.

«Көп жылдардан бери биринчи жолу мен керектүү нерсени эмес, өзүм каалаган нерсени кылууга уруксат берем, — түшүнгүлө. Менин бүт жашоом алдыда, менде дагы мындай оюндарды ойноого убакыт бар», — деп жазган ал.

Аида Касымалиева

Жаңы чакырылышка учурда вице-спикерлик жана спикердин милдетин аткаруучу депутат Аида Касымалиева дагы барбайт.

Касымалиевага буга чейин Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматы сунушталган.

Ахрор Иминов

Күрөш федерациясынын грек-рим боюнча көзөмөлдөө вице-президенти, IT-компаниянын ээси Ахрор Иминов да шайлоого барбайт. Акыркы шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон.

«Урматтуу мекендештер! 28-ноябрда Жогорку Кеңештин шайлоосу өткөнү турат. Бул жолку шайлоонун элдин үмүтүн толугу менен актай тургандай таза жана адилеттүү өтөрүнө ишенемин. Чыныгы “элдик” деп аталган депутаттарды мыйзамдуу жана таза жол менен тандап алууга бийлик өзү өбөлгө түзүп берет деген үмүттөмүн.
Сиздер менен чогуу мен да шайлоого катышам. Бирок, бул жолу шайлоочу катары гана. Эгерде чынын айта турган болсом, олуттуу партиялардын көбүнөн чакылуулар түшүп, алардын катарында шайлоого аттанышымды суранышып, бир мандаттуу округдан талапкерлигимди коюум үчүн жаштар келип жатышты. Бул мени абдан таасирлентти. Бирок, анткени менен мекенге кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле Жогорку Кеңешке баруу зарыл эмес экендигин мен аларга түшүндүрүп жаттым.
Бул менин өтө кылдат жана терең ойлонулган чечимим. Кыргызстаныбыздын өнүгүүсүнө арнай турчу алдыма койгон көптөгөн максаттарым бар. Мындан ары бар күчүмдү санариптештирүү, спорт жаатына арналган жана жаштарды колдоого алган долбоорлорду ишке ашырууга жумшайм. Учурда өлкөбүз жаш, принципиалдуу жана идеяга бай кадрларга муктаж болгондуктан, амбицияларын өз мекенинде ишке ашырышы үчүн аларга жардам көрсөтүүбүз зарыл болуп турат.
Мени колдоп, жаңы ашууларды багындырууга дем берип жаткан тарапташтарымдын баардыгына терең ыраазычылыгымды билдирем. Мындан ары да өз калыбымдан жазбай кызматымды Кыргызстаным жана элим үчүн кыла бермекчимин. Шайлоого аттанып, саясий айдыңда жарышка түшүп жаткандарга ийгилик каалайм! Силердин депутат болуп, элиме кызмат кылам деген ниетиңер таза жана чын экенине ишенем», — деп жазган Иминов.

Феликс Кулов

Экс-премьер-министр Феликс Кулов да «Ар-намыс» партиясы «Улуттар биримдиги» менен бириккенине карабай шайлоого катышуудан баш тартты.

«Мага депутаттыкка талапкерлердин шайлоо тизмесин жетектөөнү сунушташты, бирок мен буга чейин кандайдыр бир кызмат орундарына талапкерлигим жок экенин билдиргенимди эске салып, баш тарттым, анткени мен өзүмдүн милдеттеримдин бири катары саясатчылардын жана менеджерлердин келечектүү галактикасын даярдоодон көрөм» — деп түшүндүрдү ал.

Сыймык Жапыкеев

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев шайлоо жарышы башталаар алдында ар кайсы партиялардан  сунуштар түшкөнүн айтып, бирок ал баш тарткан.

«Эгер мен талапкерлигимди койсом, азыр үгүт иштери менен алек болмокмун. Бир мандаттуу округдагы партиялардан көптөгөн сунуштар болду, аларга рахмат. Депутат болбой эле элге жардам берсең болот», — деп жазган Жапыкеев.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>