Кайыңды кабель заводунда биткоин өндүрүлөбү?

Кайыңды кабель заводунда биткоин өндүрүлөбү?

Панфилов районундагы Кайыңды кабель заводуна электр энергиясын берүү токтотулат. Буга себеп аталган жайдын ичинде майнинг-фирма биткоин өндүрүп жатат деген маалымат түшкөн.

Чүй жогорку чыңалуу электр тармактары ишканасынын кызматкерлери заводдогу электер энергиясынын сарпталышын жана трансформатордук подстанцияны текшерүү үчүн барып, бирок мекеменин ичине кире албай коюушту.

Текшерүүчүлөрдү мекеминин ичине киргизүүгө уруксат берилбеген соң, алар тийиштүү документтерди тапшырып,  электр энергиясын берүү токтотуларын эскертишкен.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 1-июнунан бери Кыргызстанда майнинг өндүрүүчү компаниялардын электр энергетиясына кошулууга жана аларга техникалык шарттарды берүүгө тыюу салынган. Анткени майнинг-фирмалар  энергияны көп талап кылат.

Рубрики: ВИДЕО , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>