Камчыбек Ташиев: ооруканадан чыктым, мындан кийинки өмүрүм элдики

Камчыбек Ташиев: ооруканадан чыктым, мындан кийинки өмүрүм элдики

Оор абалда ооруканага түшкөн саясатчы Камчыбек Ташиев ооруканадан чыгып, дарылануусун үйүнөн улантат. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу Кыргыз калкым!
Биз бүгүн больницадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз.
Элимдин дубасы, ак тилектери ,АЛЛАХымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды!
Миңдеген адамдардын телефон, вотсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым туура түшүнүңүздөр, баарыныздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды.
Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум,ынтымакта женебиз!», — деп жазган Ташиев.
Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун Камчыбек Ташиев өпкө оорусуна чалдыгып, оор абалда ооруканада жатканы кабарланган эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>