Камчыбек Жолдошбаев шайлоодон четтетилди

Камчыбек Жолдошбаев шайлоодон четтетилди

Бүгүн, 18-ноябрда БШКнын жыйынында УКМКнын өкүлү депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы кармалганы боюнча маалымат берди.

Тергөөчүнүн маалыматына караганда, Жолдошбаевдин кудасы Мухтар Сыдыков домком жана үгүтчүлөр аркылуу добуш сатып алуу менен алектенип жүргөн.

Жолдошбаев Бишкек шаарындагы No26 Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болчу.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Жолдошбаевдин кудасы Муктарбек Сыдыковду шайлоочуларга акча таратканы такталган.

Ошондой эле БШКнын жыйынында Муктар Сыдыковдун жээни Жылдыскан Сыдыкова анын тууганына каршы көрсөтмө берип, чындап эле ар бир добуш үчүн 1 миң сомдон сунуштаганын айтканы белгилүү болду. Белгилей кетсек, ал Камчыбек Жолдошбаевдин штабында агитатор катары катталган.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери менен), 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система менен шайланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>