«Камкордук» рейди. Милиция мектепке барбаган окуучуларды аныктоодо

«Камкордук» рейди. Милиция мектепке барбаган окуучуларды аныктоодо

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрынан 19-ноябрына чейин Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Камкордук» аталышындагы профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери: 2 – соода жана базар жайларын, 1 – темир жол бекетин, 1 – автобекетин, 9 – компьютердик клубду, 8 – май куюучу жана унаа жуучу жайларды, 11 – мечит жана 1 – медересе, 9 – кафе-бар, 7 – жертөлө жана чатырлар, 2 – жылуулук трассаларын текшеришти.

Жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан профилактикалык сүйлөшүүгө 25 жашы жете элек өспүрүм алынып келинип, үчөө каттоого алынып, билим берүү бөлүмүнө маалымат берилген. Ата-энеси иштебеген үй-бүлөдө жашаган 20дан ашык жашы жете элек өспүрүмдөр текшерилген.

Токмок шаардык ИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык-рейддик иш-чаралардын алкагында 320дан ашык адам жашаган 150дөн ашык кожолук текшерилди. Анын жыйынтыгында ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн үч жашы жете элек өспүрүм аныкталган.

Учурда рейддердин жыйынтыгында Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан билим берүү мекемелеринде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында жашы жете элек өспүрүмдөр менен профилактикалык иш-чаралары лекция түрүндө улантылууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>