Кара-Балта: Исламдын өлүмүнө катышы бар дагы эки шектүү кармалды

Кара-Балта: Исламдын өлүмүнө катышы бар дагы эки шектүү кармалды

Ислам аттуу жигиттин өлүмүнө шектелген дагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

12-октябрда Кара-Балта шаарынын Жайыл районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 24 жаштагы тургун денесинен оор жаракаты менен түшкөн. 19-октябрда жабырлануучу Ж.М. алган оор жаракатынан улам бейтапканада каза болгон.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Белгиленгендей, Ж.М. Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн биринде жүргөн жеринен тааныштары тарабынан сабалган.

Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында кылмышка шектүү 24 жаштагы А.И. кармалып, ага карата райондук сот эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар дагы эки адамды: 1990-жылы туулган Т.В., мурда издөөдө жүргөн 52 жаштагы А.Ш.ны кармашкан. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда сотко чейинки иштер уланууда.

Кара-Балта шаарында 24 жаштагы бала ур-токмоктон каза тапты

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>