Кара-Балтада айдоочулар иш таштады. Себеби эмнеде?

Кара-Балтада айдоочулар иш таштады. Себеби эмнеде?

Кара-Балта шаарындагы маршруттук каттамдын айдоочулары иш таштады.  Бул туурасында жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, айдоочулардын негизги талабы жүргүнчүлөрдүн 70 пайызы жеңилдетилген тарифте болгондуктан актабай калып жатат. Ошол себептен жол кирени көтөрүү талабын коюп жатышат. Бүгүн, 1-ноябрдан тарта Кара-Балта шаарында жол кире 10 сомдон 13 сомго көтөрүлгөн. Ал эми пенсионерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана окуучуларга жол кире 7 сом боюнча калган. Мурда кенже класстар үчүн жеңилдик каралып, бирок, бешинчи класстан жогорку окуучулар толук кандуу төлөчү, азыр жаңы токтомдо мектеп окуучуларына толук жеңилдик берилип калган.

Ал эми шаардык бийлик эки жума ичинде маселе каралаарын убада кылып, айдоочуларды кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>