«5-каналдын» жетекчиси канча айлык алаары айтылды

«5-каналдын» жетекчиси канча айлык алаары айтылды

Соңку учурда «5-каналдын» башкы директорунун маянасынын тегерегинде кызуу талкуулар жүрүүдө. Алгач бул талкуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде «5-канал» менен «Пирамида» телеканалдарын каржылоо тууралуу жыйынынан кийин башталды. Анда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Илязбек Балташев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып «5-каналдын» жетекчиси 74 миң сом маяна аларын айткан. Мындан көп өтпөй телеканалдын жаңы жетекчиси Рахат Сулайманов аталган сумма туура эместигин, 40 миң сомдун тегерегинде гана маяна аларын айрым ЖМКларга кабарлаган.

Бул билдирүүгө байланыштуу министрдин орун басары Балташев да үн катты. Ал жогорудагы сумманы телеканалдын бухгалтеринин отчетуна таянып, билдиргенин, «5-каналдын» башкы директорунун январдагы маянасы 74 миң сом, ал эми февралда бул сумма 55 миң сомду түзгөнүн айткан.

Ошондой  эле «5-каналдын» жаңы жетекчиси өзүнүн айлыгын азайтып, айрым кызматкерлерди кыскартканына карабай каналдын чыгымы кайра көбөйүп кеткендигин билдирген.

“Рахат Аскерович, сиз каналда оптимизациялоо жумуштарын жүргүзүп жатканыңызды уктук. Штаттык бирдиктин санын 79 дан 76га түшүрүп, 3 кызматкерди бошотупсуз. Жетекчиликтин айлыгын 73 994 сом эмес 55 475 сомго ылдыйлатыпсыз. Буга чейинки жетекчи жамаатты жалгыз эле башкарат эле сиз аткаруучу директор деген жаңы штаттык орун түзүп айлыгын 49 303 сом өлчөмүндө коюп бериптирсиз. Юрист буга чейин 24 611 сом алса, жаңы юристтики 36 956 сомго көтөрүлүптүр.

Жыйынтыктап айтканда сиз оптимизациялаганга чейинки «5-каналга» ай сайын маянага 1 миллион 26 миң 246 сом сарпталчуу экен. 2021-жылдын 1-февралынан тарта бир айлык маянага 1 миллион 139 миң 135 сом жумшалмак болуптур. Байкашымча чыгымдар 112 миң 889 сомго көбөйүп кеткендей.

(Сандар башкы бухгалтер Тентекова жана маянасы көбөйгөн юрист Чымыровдун колу коюлган расмий документтерден алынды).

Рахат Аскерович, ушу тапта сиз жетектеп жаткан телеканалдын мамлекетке болгон карызы дээрлик миллион АКШ долларына чамалап калды. Ыксыз чыгымдарды азайтып өлкө бюджетин үнөмдөөгө чоң салым кошосуз деген үмүттөмүн”, — деген Балташев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>