Каттуу жааган жаандан Чолпон-Атанын көчөлөрүн сел каптады

Каттуу жааган жаандан Чолпон-Атанын көчөлөрүн сел каптады

Бүгүн, 24-августта Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүндө катуу сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, сел жөнүндөгү маалымат түнкү саат 3:30 чамасында түшкөн. Ысык-Көл райондук администрациясынын жетекчилиги шашылыш штаб түздү. Бардык ишкана-мекемелердин жана ӨКМдин кызматкерлери ишембиликке чыгып, селге бөгөт коюу иштери жүрүп жатат.

Дал ушул жерде 3 жыл мурун да катуу сел жүрүп, бир нече мекемелер жабыркаган. Сел катуу жааган жаандан Тогуз-Булак суусунун нуктан чыгып кетишинен улам болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>