Каза болгон окуучу кыздын апасы мектеп директорун, мугалимин жана медайымды жумуштан алууну талап кылууда — видео

Каза болгон окуучу кыздын апасы мектеп директорун, мугалимин жана медайымды жумуштан алууну талап кылууда — видео

11-мартта Бишкек шаарындагы No87 мектептин 5-классынын окуучу кызы каза болгон. Кыз сабак учурунда эсин жоготкон. Маркум кыздын апасы өспүрүмгө биринчи медициналык жардам көрсөтпөгөндүгү үчүн мектептин директорун, мугалимин жана медайымын кызматтан кетирүүнү талап кылууда. Бул тууралуу социалдык тармактарда эненин кайрылуусунун видеосу жарыяланды.

Анын айтымында, кыз 11 жашта болчу, ал 5-класста окуган. Анын тубаса жүрөк кемтиги оорусу болгон.

«Ошол күнү кызымды кадимкидей эле даярдап, тамактандырып, мектепке жибергем. Ал өзүн жакшы сезип, эч нерсеге нааразы болгон эмес. Саат 8.11де телефон чалып, кызым өзүн жаман сезип жатканын айтышты. Мен саат 8.20 чамасында мектепке келдим. Кийин белгилүү болгондой, кызым сабак баштала электе эле ооруп калган. Медайым анын өңү кубарып, алсырап калганын айтты. Бирок дарыгер окуучунун өзүн жаман сезип жатканын көргөн болсо, анда эмне үчүн ага сабакка катышууга уруксат берилди? Эмнеге мени дароо чакырышкан жок? Мен мектеп администрациясына кызымдын тубаса жүрөк кемтиги бар экендигин эскерткем. 2015-жылы ага ийгиликтүү операция жасалган. Андан кийин ал эч качан ооруган эмес. Мунун бардыгын билген мугалим дагы, медайым дагы ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн жок», — дейт кыздын апасы.

11 жаштагы кыз ооруканага жетип каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>