Казакстан: Арыста кайрадан жарылуу болуп, 4 адам жаракат алды

Казакстан: Арыста кайрадан жарылуу болуп, 4 адам жаракат алды

Казакстандын Арыс шаарындагы ок дары сакталган аскердик кампаны тазалоо учурунда кайрадан жарылуу болуп, 4 аскер жаракат алды. Бул тууралуу Хабар 24. агенттиги жазды.

Казакстандын Коргоо министрлиги окуя 13-сентябрда болгонун, жабыркаган аскер кызматкерлери Алматыдагы аскердик госпиталга жеткирилгендигин билдирген.

Учурда ок-дарылар сакталган кампаны толугу менен зыянсыздандыруу  аракеттери көрүлүүдө.

Буга чейин, 24-июнда Арыс шаарындагы  курал-жабдык сактоочу кампадан өрт чыгып, андан соң ири жарылуу болгон. Кырсыктан улам шаар тургундары  коопсуз жайга чыгарылган. Оор жаракат алган 3 адам каза болуп, 90го жакын адам оруканага кайрылган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>