Казакстанда аскердик кампадагы жарылуу боюнча иш кайра тергөө үчүн прокуратурага жөнөтүлдү

Казакстанда аскердик кампадагы жарылуу боюнча иш кайра тергөө үчүн прокуратурага жөнөтүлдү

Шымкент гарнизонунун Аскердик соту Арыс шаарындагы курал-жарак сактаган кампада болгон жарылуу боюнча ишти кайра тергөө үчүн прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу 29-январда аталган соттун канцеляриясынын жетекчиси Гани Утеулиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин адвокаттар «кемчиликтерди жоюу» жана «ишке тиешеси бар башка адамдарды да кылмыш жоопкерчилигине тартуу» өтүнүчү менен сотко кайрылышкан.

— Соттун чечими менен иш кайра тергөө үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Эгер өкүм күчүнө киргенге чейин ал боюнча эч ким даттанбаса, кайра тергөө башталышы керек, — деди Утеулиев.

Ишти прокуратурага кайтаруу тууралуу өкүм 21-январда кабыл алынып, 5-февралда мыйзамдуу күчүнө кирет.

Аскердик кампадагы жарылуу боюнча сот процесси 2020-жылы 11-июнда башталган. Бул иш боюнча 16 кишиге айып тагылып, 1 500 адам жабырлануучу деп таанылган.

2019-жылы июнда Арыс шаарындагы аскердик кампада өрт чыгып, анда сакталып турган курал-жарактар жарылган. Расмий маалымат боюнча жарылуудан эки аскер кызматкери, бир жергиликтүү тургун жана бир кичинекей бала каза болуп, шаардагы үйлөрдүн 85 пайызы зыянга учураган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>