Казакстанда катуу шамаалдан бир өспүрүм өлүп, 53 киши меджардамга муктаж болду

Казакстанда катуу шамаалдан бир өспүрүм өлүп, 53 киши меджардамга муктаж болду

17-ноябрда Казакстандын Жамбыл облусунда катуу шамаалдан жеке турак жайдын чатырынан өсүпүрүм кулап түшүп, ошол замат мерт болду. Бул тууралуу облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Трагедия Жалпактөбө айлында болгон. 17 жаштагы бала шамаалдан зыянга учураган үйдүн чатырын оңдоо үчүн тамдын үстүнө чыккан. Катуу шамаалдан ал жерге кулап түшкөн жана тез жардам келгенге чейин жан берген.

Аймактык саламаттык сактоо башкармалыгы маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата медициналык жардам сурап 53 киши кайрылды. Шаардык көп тармактуу ооруканага 43 адам барган, төрт жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Байзак райондук ооруканасына алты адам кайрылып, бирөө жаткан. Жамбыл көп тармактуу балдар ооруканасында үч бала дарыланууда.

Медициналык жардам үчүн кайрылгандардын көбү терезе, бак, дарбазалардын кулаганынан жабыркашкан.

17-ноябрга караган түнү Жамбыл облусунда ылдамдыгы секундасын 32 метрге чейин жеткен катуу шамаал болуп, облус борборунда жана калктуу конуштарда инфраструктура жабыркаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>