Казакстанда өспүрүм кызды бөлөсү 7 жыл зордуктап жүргөн. Апасы аны жаап-жашырган

Казакстанда өспүрүм кызды бөлөсү 7 жыл зордуктап жүргөн. Апасы аны жаап-жашырган

Казакстанда 15 жашар кызды бөлөсү үзгүлтүксүз зордуктап жүргөн, жабырлануучунун апасы окуяны жаап-жашырган, ал эми полиция кийлигишпөөнү туура көргөн. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, окуя ата-энеси ажырашкандан кийин башталган. Кыз жана анын бир тууганы борбордо атасы менен жашашкан, андан кийин Алматы облусунда жашаган апасына көчүп барышкан.

“Соңку учурда кыз туугандары менен, андан кийин тааныштарынын үйүндө жашай баштаган. Бирок апасына баруудан таптакыр баш тарткан. Туугандары себебин билүүгө аракет кылышканда ал унчукпай койгон. Кийинчерээк ачык сүйлөшүүгө макул болуп, апасы өгөй атасы менен ичимдик ичип алганда, аны Чемолгандагы эжесинин үйүнө жиберип турганын билдирген. Ал жерде аны дайыма таежесинин баласы зордуктап жүргөн”, — деп айтылат маалыматта.

15 жаштагы жабырлануучу кыздын айтымында, бардыгы 8 жашында башталган.

Кыздын туугандары милицияга дароо арыз жазышкан, атасы Нур-Султан шаарынан келген, бирок маселе андан ары каралбай жатат.

“Апасы кызына каршы чыгып, өзүнө жана эжесинин баласына адвокат жалдаган. Ал эми Алматынын Карасай милициясынын тергөөчүсү ишти ар тараптан жайлатып, убакыттын өткөрүүдө. Ошондой эле кыз окуган мектептин башкы мугалими, туугандары өткөн нерсеге дүрбөлөң салбай, келечекти карап жашаш керек”, — деп айтканы айтылат.

Бул окуя боюнча тайэжесине, апасына жана бөлөсүнө карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 121-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү менен кылмыш процессинин катышуучуларынын бардык жүйөлөрү текшерилип, кылмыштын күбөлөрү аныкталып жатканы, анын жыйынтыгы менен соңку чечим кабыл алынары айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>