Казакстанда сот камалган эки активисттин доо арызын канааттандырган жок

Казакстанда сот камалган эки активисттин доо арызын канааттандырган жок

18-сентябрда Алматыдагы апелляциялык сот “Кытай долбоорлоруна каршы” митингге чыгып, 10 күнгө камалган активисттер Айдос Базарханов менен Асхат Жексебаевдин төмөнкү инстанциядагы сот өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Апелляциялык инстанциянын судьясы чечимди окуп жатып, “кандай гана митинг болбосун жергиликтүү аткаруу органдарынан уруксат алуу керектигин” айтты.

4-сентябрда Алматыда ондогон кишилер Жаңы-Өзөн шаарынын тургундарын колдоп, казак-кытай биргелешкен ишканаларынын курулушуна каршы чыгышкан. Буга окшогон акциялар Казакстандын бир нече шаарларында өткөн. Эки жумадан кийин митингдин айрым катышуучулары административдик жоопкерчиликке тартылган. Алматыда кеминде төрт киши 10- 15 суткага камалган.

Qaharman кыймылынын активисти Бота Алжанова камоо “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы пландап жаткан акцияларга байланыштуу деп эсептет. Кыймылдын негиздөөчүсү, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов казакстандыктарды ушул жумада каршылык акциясына чыгууга чакырган.

Казакстанда кыймыл “экстремисттик уюм” катары табылган жана анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Акыркы жарым жылда өлкөдө кыймыл менен байланышы бар делген ондон ашуун киши кылмыш жоопкерчилигине тартылган, айрымдары соттолгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>