Казакстанда тамеки жана алкоголь сатуунун шарты катаалдашты

Казакстанда тамеки жана алкоголь сатуунун шарты катаалдашты

Казакстанда мындан ары алкоголдук ичимдик жана тамеки сатып алгандар тек-жайын тастыктаган документ көрсөтүшү керек. Тийиштүү норма жаңыланган Эл саламаттыгы жана саламаттык сактоо системасы тууралуу кодекске киргизилди.

Эгер аларман тийиштүү документ көрсөтө албаса сатуучулар спирт ичимдиктеринен тартып тамекинин бардык түрүнө чейин сатпоого милдеттүү.

Ошондой эле 21 жашка чейинкилерге аталган товарларды сатууга тыюу салынды. Эрежени бузган сатуучулар административалык жазага тартылат.

2021-жылдын 1-июлунан тартып тамекини сатуу текчелерине тизүүгө тыюу салынат. Анын ордуна тизмеси илинип, баасы көрсөтүлүшү керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>