Казакстандагы тополоң боюнча 125 кылмыш иши козголду

Казакстандагы тополоң боюнча 125 кылмыш иши козголду

Казакстанда өлкөдө болгон тополоң фактылары боюнча 125 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдирди.

Анын айтымында, милиция тарабынан зордук-зомбулук, адам өлтүрүү жана тоноо фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

Буга чейин Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги өлкөдө болгон тополоңго байланыштуу 5 миң 135 адам кармалганын билдирген.

Ички иштер министрлигинин башчысы ошондой эле милиция кызматкерлери менен курсанттардын ур-токмокко алынганын, алардын формасын, атайын жабдыктарын тартып алышканын, алар ээн-эркин ок чыгарып, тартип сакчылары эле эмес, карапайым жарандар да набыт болгонун айтты. Тополоңдо 400 унаа талкаланган, анын 346сы полиция кызматкерлериники.

9-январдын таңында жергиликтүү маалымат каражаттары аймактардагы бардык май куюучу жайларга күйүүчү май берүү жанданганын, азык-түлүк үзгүлтүксүз камсыздалып жатканын, республика боюнча зымдуу интернет кошулганын, бирок мобилдик интернетке туташуу дагы деле мүмкүн эместигин жазып чыгышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>