Казакстандагы университеттердин биринин спорт залы баңгизат колдонуучулардын жайына айланган

Казакстандагы университеттердин биринин спорт залы баңгизат колдонуучулардын жайына айланган

Казакстандын Чымкент шаарындагы университеттердин биринин спорттук комплекси баңгизат колдонуучулардын жайына айланган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Өлкөнүн билим берүү министри Ерболат Мухамеджандын маалыматына ылайык, ал жеке университет экени белгилүү. Бирок кайсы жогорку окуу жай экени тууралуу так маалымат айтыла элек.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, баңгичилер маңзаттын марихуана жана героин сыяктуу түрлөрүн университеттин спорттук комплексинин ичинде колдонуп келишкен.

Учурда укук коргоо органдары бул боюнча окуу жайда сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>