Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны сыяктуу  бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелердин айланасында өтмөкчү.

Күн тартибине мындан башка  транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Ошондой эле Казакстандын Премьер-министрин президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. 

 

Рубрики: САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>