Казакстандын президенти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

Казакстандын президенти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

«Мен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арада болгон куралдуу кагылышуу жөнүндө маалыматты терең тынчсыздануу менен кабыл алдым» — деди бүгүн, 30-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

«Кыргыз жана тажик элдери биз үчүн бир тууган, бизди жалпы тарых жана маданий баалуулуктар бириктирип турат. Тынчтык, толеранттуулук жана өз ара урматтоо биздин мамлекеттерге жана элдерге мүнөздүү», — деди ал.

Казакстандын президенти куралдуу кагылышууну токтотуу жана эки мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча жетишилген макулдашууну кубаттайт.

«Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери өз акылдарын көрсөтүп, бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен гана чече алышат деп ишенем.

Өз кезегимде, мен өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу жана өз ара ишенимди калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүгө даярмын. Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Консультативдик жолугушуусунун алкагында мындай чек ара инциденттерин чечүү механизмин иштеп чыгуу мүмкүн деп эсептейм», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>